• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда мектеп окуучусу зордукталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 11-класстагы окуучу кызды унаанын ичинде зордуктады деген шек менен бир адам кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-июнда мектеп окуучусу экзаменге даярданыш үчүн коңшусунукуна кетип, кайрадан кайтып келген эмес. Эртеси күнү кыздын атасы милиция кызматкерлерине кайрылган. Кыз 15-июнга караган түнү зордукталгандыгын тергөөчүлөр аныкташкан.

“Шектүү кармалды. Сары-Талаа айылынын тургуну жасаган кылмышын мойнуна алып, кызды унаанын ичинде зордуктагандыгын айтты”, - деп кабарлашты милициядан.

Соттун чечими менен ал СИЗОго киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий