• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда мектеп жана бала бакча имараттары дезинфекциялана баштады

Аймак 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Жалал-Абадда мектеп жана бала бакча имараттары дезинфекцияланууда.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калаадагы №1 М. Бабкин атындагы мектептин ашкана жана спорт залдары дезинфекцияланган.

"Дезинфекциялоо жумуштары алдыдагы күндөрү шаардагы бардык мектеп жана бала бакчаларда да жүргүзүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери бул иш-аракеттерди калаадагы мечит жана коомдук транспорттордо да жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий