• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда мектептердеги санитардык абал текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мектептердеги санитардык абал текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, ушул аптанын башында Жалал-Абад шаарындагы мектептер ачылып, 1-5-9-11-класстар окуй баштаган.

Ага ылайык тиешелүү тармактардан түзүлгөн комиссия мектептерди кыдырып чыгышты. Анда окуучулардын саны, санитардык эрежелердин сакталышы, жылуулук берүү маселелери текшерилди.

Мектептерде аралык сакталып, окуучулар беткап менен сабакка катышууда. Бардык эрежелер сакталып, балдардын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий