• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда мектептин жаңы имараты ачылат

Аймак 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Эгемендик күнү болордон бир мурда мурда №6-мектептин жаңыдан курулуп бүткөн имаратын салтанаттуу ачуу аземи болот. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, эки жылдан бери курулуп жаткан мектептин имараты жаңы окуу жылында окуучуларды кабыл алууга толук даяр. Эми 300гө чукул окуучунун 2 жыл бою күткөн мектеби класстык бөлмөлөрдөн тышкары медициналык канасы, коопсуздук шарттары, ички дараткааналары жана башка заманбап шарттары менен камсыздалган. Учурда №6 мектепте дагы спорт залдын курулуш иштери жүрүүдө.

Эске сала кетсек, мындан мурун өлкөнүн ошол кездеги премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарына келгенде шаар тургундары ушул мектептин курулушун бүткөрүп берүү өтүнүчүн билдиришкен. Өкмөт башчынын жардамы менен мектеп курулушун башталып, эми аягына чыкты.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарындагы №6 мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 58 миллион 710 миң сом деп бааланган.

Пикир

Оставить комментарий