• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда жеке менчик мектептерге рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик мектептер атайын комиссия тарабынан текшерилүүдө, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Анткени коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн санитардык талаптардын сакталышы жана балдардын саны көзөмөлгө алынууда. Алгоритмге ылайык, окуучулар аралыкты сактап, беткап, антисептикалык каражаттар менен камсыздалышы түшүндүрүлүүдө.

Эскерте кетсек, шаарда 1-майдан тартып мамлекеттик мектептер 9-11-класстан башка окуучулар үчүн онлайн режимди жандантат. Ал эми жеке менчик мектептерге байланыштуу чечим рейдден кийин кабыл алынат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 15 жеке менчик мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий