• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда менталдык арифметика боюнча ийгилик жараткан окуучулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарындагы “Старт Ум” билим берүү борборунун республикалык жана эл аралык сынактарда алдыңкы орунду ээлеген окуучулары менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы заман талабына ылайык менталдык арифметика –балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, дараметин арттыруу боюнча эң мыкты методикалардын бири экенин белгиледи.

Өкүл окуучулардын жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, үйрөнүүдөн дагы да талбай, өлкө намысын коргогон билимдүү инсандардан болуусун каалады.

Окуучулар ыйгарым укуктуу өкүлдүн Алкыш баракчалары менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий