• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу иши күчөтүлөт

Аймак 0

Жалал-Абадда турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу иши күчөтүлөт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-декбарда бул багыттагы иштердин жүрүшү онлайн жыйында талкууланып, артта калган район-шаарлардын жетекчилерине эскертүү берилди.

Жыйында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, аймактарда элге түшүндүрүү иштери солгун жүрүп жатканын сынга алды.

Азыркы учурда турак жайларды каттоо боюнча Тогуз-Торо району, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарлары артта калган. Ал эми жумуштун аткарылышы боюнча Чаткал районунун пайыздык көрсөткүчтөрү жогору экени белгиленди.

Мамасалы Акматов, турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамды турмушка ашыруу зарылдыгын, бул аракеттер калкка коопсуздук жана алдын алуу чаралары экенин түшүндүрүүнү колго алуу талабын койду.

Турак жайлар жылына айыл жергесинде 600 сом, шаарда 1200 сомдон төлөнөт. Жалал-Абад облусунда жалпы 191 миңден ашуун турак жай камсыздандыруудан өтүүсү зарыл. Учурда алардын 9 миңден ашууну камсыздандырылган.

Пикир

Оставить комментарий