• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда милиция балдарга майрамдык маанай тартуулады

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция балдарга майрамдык маанай тартуулады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чаткал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык белектер тапшырылды. Милиция кызматкерлери жаш балдарды эл аралык күнү менен куттукташып, келечекке мыкты максаттарды коюуга чакырышты.

Ал эми Сузак РИИБдин кызматкерлери район борборуна эс алууга келген жаш балдарга майрамдык маанай тартуулашты. Алар менен чогуу оюндарды уюштуруп, келечек ээлеринин көңүлдөрүн көтөрүштү.

Тогуз-Торо районунда милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер айылдарды кыдырышты. Жаш балдарды майрамдары менен куттукташып, эс алуу бактарында алардын коопсузугун көзөмөлгө алышты.

Пикир

Оставить комментарий