• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда милиция дайынсыз жоголгон Бахтигүл Базарматовага издөө салат

Аймак 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында милиция Бахтигул Базарматовага издөө салат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну Базарматова Бахтигүл Сабировна 2020-жылдын 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп үйүнө көздөй кеткен боюнча үйүнө барган эмес.

Учурда Бахтигүл Базарматованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында сары, кара түстөр аралашкан жоолук, боз түстөгү күрмө, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим.

“Дайынсыз болуп жаткан Бахтигүл Базарматова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, анда төмөнкү номерлерге чалыңыздар: (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий