• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда милиция эл менен жолугушууларды улантууда

Аймак 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция эл менен жолугушууларды улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүндө Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Марат Масиркулов, Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы Азем Козукеевдин жана шаардык мериясынын аппарат жетекчиси, ишкана-мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда элдик жыйын болуп өттү.

Иш-чара шаар аймагында катталган жол кырсыктарынын кесепеттеринен жабыркаган жарандардын санынын өсүшү, түнкүсүн мал жандыктарынын жол жээгинде кароосуз жүрүүсү, аны менен катар кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Жыйынга Таш-Көмүр шаарынын жеригиликтүү тургундарынан 200 гө чукул адам катышты. Элдик жыйында ШИИБдин жетекчилиги тарабынан жогорудагы маселелер боюнча баяндама берилди.

Айрыкча “үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча буйругунун талаптарын аткарууда Таш-Көмүр шаары боюнча жалпы 25 факт катталып, анын ичинен 25 адамга коргоо ордерлери берилгендигин, бул багытта тиешелүү кызматтар менен биргеликте алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын белгиледи.

Андан соң жыйынтын катышуучулары тарабынан ар кандай маселедеги суроо-жооптор болду. Ошону менен катар Азем Козукеев топтолгон элге 2021-жылдын 1-декабрынан тартып колдонууга берилген жаңы мыйзамдар боюнча кыскача токтолуп түшүндүрмөлөрдү берүүгө жетишти.

Ушундай маселелер менен Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен да ОИИБдин жетекчилигинен Марат Масиркулов, ШИИБдин башчысы Момуналы Добулбеков, прокуратура органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуп, эл алдында милициянын аткарган жумуштары боюнча баяндама берилди. Шаар аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, өспүрүмдөр арасында рекетчиликти жоюу максатында жүргүзүлгөн алдын алуу иш чаралары жеткиликтүү деңгээлде аткарылып жатканы айтылып, бирок ошол эле учурда түнкү рейддерди көбүрөк жүргүзүп, шаар жаштарына көзөмөлдү күчөтүү керектегин жергиликтүү тургундар белгилешти.

Жалпысынан милиция менен элдин жолугушусу, эл алдында аткарылган иштери боюнча баяндама берип, көйгөйлүү маселелер айтылып, алдыда аткарыла турган иштерге багыт алууда милициянын бул иштери туура жолдо экениндигине жергиликтүү тургундар баа беришип, милициянын иштерине ийгилик каалашып, жергебизде тынчтык болсун деген тилектерди айтуу менен жыйынды жыйынтыкташты.

Пикир

Оставить комментарий