• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта милиция эрте никеге туруунун алдын алуу иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Сузакта милиция эрте никеге туруунун алдын алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБдин Атабеков аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен №7 Ж.Турусбеков орто мектебинде кароо-сынак өткөрүлдү. Ага Сузак РИИБдин начальнигинин орун басары Канатбек Саркаров, ата-энелер жана мектеп окуучулары катышышты.

Сынак үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын жана эрте никеге туруунун алдын алууга багытталып, бир катар сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Жыйынтыгында иш-чарага активдүү катышкан окуучуларга милиция тарабынан дипломдор, мугалимдерге ыраазычылык каттар тапшырылды.

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чара Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан да жүргүзүлдү. Анда мэрия, прокуратура, билим берүү, балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана шаардын имамы менен биргеликте орто мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери ата-энелерди балдарын ар дайым көзөмөлдөөгө, жаш өспүрүмдөрдү кылмыш жасоодон алыс болууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий