• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда милиция коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери үй карантинге алынган жарандарды тиешелүү талаптарды бузбай, себепсиз эч жакка барбоого чакырышты. Азыркы учурда өлкөбүздө жугуштуу илдеттин толкуну басаңдай электиги айтылып, беткаптарды тагуу менен бирге өз саламаттыгына кам көрүүгө үндөштү.

Мындан сырткары, шаар тургундарына жөнү жок көчөгө чыкпоо керектиги эскертилип, санитардык жана жеке гигиеналык талаптарды толук кармануу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий