• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери балдарга майрам уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаардык милициясы тарабынан "Бүгүнкү күн балдары, эртеӊки мекен сакчысы!" аталышындагы майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Облустук милициядан билдиришкендей, балдарга арналган салтанат Жалал-Абаддын символу болгон "Курманбек" баатырдын эстелигинин алдында өтүп, ага Жалал-Абад облустук милициясынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Жусупов, “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун директору Жыпара Аманкулова жана борбордун тарбиялануучулары катышты.

Иш-чарада аталган балдар чыгармачылык борбордун балдары ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн оркестринин коштоосунда өз өнөрлөрүн тартуулашты. Андан соӊ иш-чарага катышкан жаш өспүрүмдөргө балмуздак жана шириндиктер таратылды.

Милиция кызматкерлери иш-чаранын негизги максаты балдарды патриоттуулукка тарбиялап, мекен үчүн кызмат кылууга чакыруу жана балдарга бактылуу балалык тартуулап, майрамга карата көӊүл буруу экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий