• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда милиция медицина кызматкерлери менен бирге коронавирус боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда милиция медицина кызматкерлери менен бирге коронавирус боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБнин кызматкерлери жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тарабынан даярдалган атайын баракчаларды таратышты. Коңшу өлкөдө жайылып жаткан коронавирус, кыш мезгиленде көп катталчу сасык тумоо тууралуу маалыматтар, алардын алдын алуу жолдору камтылган баракчалар айыл жерлерине дагы жеткирилди. Милиция бул кагаздарды эл көп топтолгон жайларга, соода түйүндөрүнө, ашканаларга илишип, мектеп окуучуларына, мугалимдерге таратышып, ошону менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле Ноокен РИИБнин кызматкерлери жергиликтүү дарыгерлер менен биргеликте район аймагындагы мектептерде окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар учурда дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирустан сактануу, алдын алуу багытында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Андан сырткары, милиция тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, мектеп рэкетчилиги, топтошуп мушташууларды болтурбоо максатындагы жумуштар алып барылып, ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектиги эскертилүүдө. Ал эми жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мектеп окуучулары жөө жүрүшкө чыгышып, жол эрежелерин сактоо боюнча атайын даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий