• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда милиция муктаждарга жардам берүү иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция профилактикалык жана муктаждарга жардам берүү иштерин улантууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-декабрь – Адам укугун коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул датага байланыштуу бүгүн Жалал-Абад ШИИБи тарабынан орто мектептерде "Жашоо керемет" аталышындагы ачык сабактар өткөрүлдү. Анын алкагында өспүрүмдөрдүн жашоого болгон көз караштарын туура багытка салуу, түз жолдо жүрүүгө үндөгөн лекциялар өтүлдү. Адам укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери окуучуларды талыкпай билим алуу менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырышты. Ошондой эле коронавирустан сактануу, тиешелүү санитардык нормаларды сактоо керектиги эскертилди.

Ал эми Ноокен РИИБи тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүү иштери уланууда. РИИБдин жетекчилиги жана райондогу жеке ишкер тарабынан 2 үй-бүлөгө 25 кап көмүр жеткирилип берилди. Суук мезгилде жардам колуп сунуп, колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазычылыктар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий