• 82
  • 84.48
  • 1.35

Жалал-Абадда милиция сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

168 кароо Аймак 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, азыркы учурда абанын температурасы жогорулап, сууга түшкөн жарандардын саны арбып барат. Суу кырсыктарына бөгөт коюу максатында облус аймагында милиция тарабынан тынымсыз профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Эл көп барган көлмөлөрдүн, дарыялардын кооптуу участокторуна эскертүү тактайчалары орнотулган.

Чаткал РИИБдин кызматкерлери Кайың-Суу, Каныш-Кыя, Чандалаш, Жаңы-Базар айылдарында сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алыскы аралыкка сүзбөө, илинген эскертүү тактайчаларына көңүл буруу, сууда бири-бири менен ойнобоо керектигин эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий