• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда милиция сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан сууга чөгүүлөрдүн жана коронавирус илдетинин алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтсак, Сузак жана Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери сууга түшүүчө жайларды көзөмөлгө алышууда. Сууга түшүп жаткан жарандарга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Бассейндердин терең тарабына барбоо, шар аккан каналдарга түшпөө керектиги эскертилди. Ошондой эле жаш балдарды көзөлмөлсүз калтырбоо, алардын кайда экендигинен ар дайым кабардар болуп туруу зарылдыгы белгиленди. Эске салсак, буга чейин аталган райондордо сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелинген аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери аймактык башкармалыктын башчылары жана санэпидкөзөмөл борборунун өкүлдөрү менен биргеликте жугуштуу илдеттин алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Алар оруунун жайылышына жол бербөө максатында эл көп топтолгон жерлерде жарандарга түшүндүрүү иштерин алып барышты. Санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгын айтышып, көрүлүп жаткан тиешелүү чараларга көңүл буруу керектигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий