• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда милиция тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында милиция тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызмты билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул РИИБдеринин кызматкерлери жакынкы көлмөлөрдүн, шар аккан суулардын бойлоруна эскертүү тактайчаларын орнотушууда. Жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаш балдарды ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертип жатышат. Милиция кызматкерлери нөшөрлүү жаан жааган учурларда жаратылыш кырсыктарынан сак болууга, ички жана сел арыктарын тазалап турууга үндөшүүдө.

Ошондой эле канал бойлоп мектепке барган окуучуларга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлорунда түртүшүп ойнобоо зарылдыгы эскертилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий