• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы өз ишин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад областынын аймагында милиция менен элдин ортосундагы мамилени мындан ары да жакындаштыруу максатында бир топ жумуштар аткарылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарга чейин барып, калк арасында жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылтпоо максатында бир катар иштерди жүргүзүп, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү жеринде каралууда. Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, кырсыктардын алдын алуу багытында ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милициянын көчмө кабылдамасынын негизги максаты - эл арасындагы арыз-даттанууларды жеринде кабыл алуу болуп саналат.

Эске салсак, ЕККУ тарабынан Жалал-Абад областы боюнча 5 атайын жабдылган автоунаа берилип, азыркы учурда да күйүүчү майын камсыздоо жагынан бир топ колдоо көрсөтүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий