• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды кабыл алууну улантууда

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда милициянын көчмө кабылдама унаасы жарандарды кабыл алууну улантууда.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана жарандарга жеринде юридикалык кеңеш берүүдө милициянын көчмө кабылдама унаасынын ролу чоң.

Кызматкерлер бул унаалар менен облустун алыскы айылдарына чейин барышып, тургундардын көйгөйлүү маселелерин угуп келишет. Жергиликтүү бийлик жана тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте көптөгөн маселелер жеринде чечилип келүүдө.

Азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБдин карамагында 9 милициянын көчмө кабылдама унаасы иш жүргүзөт. Алар Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал ШРИИБдеринде.

2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен көчмө кабылдама унаалар 616 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 689 ар түрдүү мазмундагы арыз жана кайрылууларды кабыл алган. Анын ичинен 40 факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Ал эми 369 кайрылууга жеринде юридикалык кеңештер берилген.

Пикир

Оставить комментарий