• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы жыл башынан тарта 423 доо-арыз кабыл алган

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун район-шаарларын тейлеген ички иштер бөлүмдөрү тарабынан учурда милициянын көчмө кабылдамасы менен калк арасында ар кандай терс жагдайларды болтурбоо максатында байма-бай тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтогул жана Чаткал РИИБдин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында (айрыкча алыс жайгашкан айылдарда) жана кооптуу деп эсептелген аймактарда, эл көп топтолгон коомдук жайларда, дүкөндөрдө кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана ар кандай кокустук, сууга чөгүүлөр, жаш балдарды кароосуз калтыруу сыяктуу көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Аны менен катар эл арасында пайда болгон арыз-доолор милициянын көчмө кабылдамасы тарабынан жеринде кабыл алынып, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай, жыл башынан бери 5 ай ичинде облус аймагында милициянын көчмө кабылдамасы 353 жолу аймактарды кыдырган жана жалпы – 423 арыз-доо кабыл алынган. Анын ичинен коопсуздукка байланыштуу – 103 болсо, – 129 арыз башка органдарга жиберилип, - 191 учуру боюнча жеринде юридикалык кеңештер берилип чечилген.

Райондун борборунан алыс жайгашкан айылдардын жергиликтүү тургундары тарабынан милициянын бул багытта жасап жаткан иштерине жана жаш муундарга карата көрүп жаткан камкордугуна туура баа беришип, өз учурунда ыраазычылыктарын айтышып, милициянын иштерине ийгиликтерди каалап өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий