• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда милициянын өткөн жылы аткарган жумуштары эл талкуусуна коюлууда

Аймак 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу жана милициянын иш-аракетине карата жергиликтүү тургундардын ой-пикирлерин угуу максатында элдик жолугушууларды өткөрүү улантылууда.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргедей, элдик жыйындар бекитилген графиктин негизинде облус аймагында тынымсыз өткөрүлүп келүүдө.

Атап айтсак Аксы районунун 7 айыл өкмөтүндө, Токтогул шаарында жана Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүндө, Кара-Көл шаарынын тургундары менен №3 Фрунзе атындагы мектебинде, Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылында элдик жолугушуулар өткөрүлдү. Бул жыйындарга шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик башчылары жана ошол аймактардагы тургундар катышышты.

Милициянын участкалык инспекторлорунун, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2020-жылы аткарылган жумуштар тууралуу баяндамалар берилди. Жыйындардын катышуучулары милицияга болгон сунуштарын жана суроолорун беришип, жеринде жоопторун алышты. Негизинен жергиликтүү тургундар милициянын жыл ичинде аткарган жумуштарына оң баасын беришип, пандемия учурунда да талыкпастан кызмат өтөшкөндүгүн белгилешти.

Элдик жыйындар учурунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды кылмыштуулуктун алдын алууда көмөктөшүүгө чакырышты. Ошондой эле өспүрүмдөрдү ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий