• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Москвадагы “Дүйнөлүк Алтын кубок” турниринде байге уткан спортчулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кечээ, 23-сентябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Москвада өткөн Шотокан федарациясынын “Дүйнөлүк Алтын Кубок” турниринде Кумитэ боюнча алтын медаль, Ката боюнча коло медаль тагынган Төлөн Жакшыбаев жана Ката боюнча күмүш медалга ээ болгон Күмүшай Орозкулова менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Эрнисбек Ормоков өз сөзүндө жергиликтүү бийлик спортчуларга ар дайым колдоо көрсөтүп келерин белгилеп, турнирден ийгиликтүү кайткан спортчуларды жеңиши менен куттуктады.

Эске салсак, аталган турнир 18-19-сентябрь күндөрү Россиянын Москва шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 8 өлкөсүнөн спортчулар катышкан.

Пикир

Оставить комментарий