• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда мугалимдер арасында спартакиада өтүүдө

Аймак 0

Бишкек,, 28.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин арасында спорттун 5 түрү боюнча спартакиада өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ден соолук 2021” деп аталган иш-чара шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

“Теннис, волейбол, тогуз коргоол, шахмат жана ордо оюндары боюнча мелдеш жүрүүдө. Спартакиада бүгүн, эртең уланып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылат”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий