• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда мугалимдер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мугалимдер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдыда милиция кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн өтүшөт.

Ошондой эле, вакцина алууну каалаган жарандар өздөрү катталган үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кайрылса болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыры бир күндө 2 миң 130 адам коронавируска каршы эмделди. Өлкө боюнча жалпы 20 миң 458 адам эмделсе, анын ичинен 606сы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Пикир

Оставить комментарий