• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда майыптыгы бар балдарга майрамдык маанай тартууланды

Аймак 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №2 К.Закиров атындагы орто мектептин эмгек жамааты, "Максимус" балдар ойноочу борбору менен биргеликте майыптыгы бар 20 өспүрүмгө майрамдык маанай тартуулап, белектерди тапшырышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара 3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата Жалал-Абад шаарында майыптыгы бар жарандарга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүүнүн бир айлыгынын алкагында өттү.

Бир айлыктын алкагында шаарда жайгашкан мекеме-ишканалар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды моралдык жана материалдык жактан колдоо багытында иш-чараларды өткөрүүнү улантышат.

Жалал-Абад шаарында майыптыгы бар жана камкорчусу жок балдарды тарбиялаган реабилитациялык борбор, балдарды калыптандыруу борбору жана үй-бүлө тибиндеги балдар үйү иштеп келет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 400гө чукул майыптыгы бар жарандар жашайт.

Пикир

Оставить комментарий