• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия - өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” аттуу шаардык мугалимдердин август кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматька ылайык, кеңешмеге Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова жана башка мекеме ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, 400гө жакын мугалимдер катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков өз сөзүндө дүйнөдө күндөн-күнгө жаңы технология өнүгүп, улам жаңы багыттарды ачып, окуу методикасына жаңыча багыт менен билим берүү керектигин айтты. Быйыл 2021-2022-жаңы окуу жылында көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү, "Санарип мектеп" моделин жайылтуу керектигин кошумчалады.

Кеңешменин жүрүшүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу видеослайд көрсөтүлдү. Мектеп директорлору жарыш сөзгө чыгып, билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу докладдарды окушту.

Соңунда билим берүүнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон, кызматтык милдетине карата ак ниет мамилеси үчүн бир катар кызматкерлерге шаардын Ардак грамотасы тапшырылды.

Мындан сырткары эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү жогорку жетишкендиктери үчүн, "Курманбек Баатыр" атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучулары сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий