• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Жалал-Абад шаардык мэриясында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, алдыңкы мугалимдерге Ардак грамоталар, төш белгилер жана алкыш баракчалары тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев жана мектепердин, бала бакчалардын мугалимдери катышты.

Шаар мэри мугалимдик кесип ары түйшүктүү ары сыймыктуу экенин баса белгилеп, агартуу тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүгө, окуткан мугалимине жана ата-энесине жергиликтүү бюджеттен сый акы берүү демилгеленип жатканын кошумчалады.

Учурда шаардагы 22 мектепте 2 миңге жакын мугалим эмгектенет. Аларга жергиликтүү бюджеттен майрамга карата жыл сайын сый акы жана ай сайын коммуналдык төлөмдөр үчүн атайын акча каражаты бөлүнүп келет.

Пикир

Оставить комментарий