• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда мунай базасында өрт чыгып, дээрлик 2000 киши эвакуацияланган

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-май күнү болжол менен саат 10:00дө Жала-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндө мунай базасынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты тартылып, жеринде ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери иштөөдө. Аны менен бирге, өрт өчүрүүгө Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун, Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын өрт өчүрүүчү унаалары жардам көрсөтүшүүдө.

Болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жерге чыгарылган.

Бул кырсыктан 24 жаштагы Ж.у.Б аттуу жаран жабыркап, Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий