• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү заводунда катталган өрт кырсыгы боюнча 8 факты

Коом 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. 2019-жылдын 10-май күнү саат 09.59 да Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Жалал-Абад шарынын Индустриальная көчөсүндө жайгашкан “КУА ЖНПЗ” (Кыргыз-Өзбек-Азербайжан) жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу мунайды кайра иштетүүчү заводунда өрт кырсыгы чыккандыгы туурасында кабар келип түшкөн.

Тилсиз жоо тууралуу ӨКМ 8 факты келтирет:

1. Тартылган техникалар: Өрт жөнүндө кабар келип түшөр замат, саат 10.03 биринчи өрт өчүрүү бөлүмү чыккан, жалпы өрттү өчүрүүгө жалпысынан 2 даана спринтер автоунаасы, 14 өрт өчүрүүчү автоунаа (анын ичинде Жалал-Абад Аэропортунан 1 бирдик атайын өрт өчүүрүүчү автоунаа, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынан 1 өрт өчүрүүчү автоунаасы жана Кыргыз нефтегаз (Чангыр-Таш) филиалынан 1 өрт өчүрүүчү автоунаа), 1 атайын автошатысы, 5 оор жүк ташуучу, 2 автожүктөгүч, 6 суу чарба башкармалыгынан суу ташуучу автоунаа, тез жардам кызматынан 2 бригада, электр тармактар ишканасынан 1 бригада келген. Өрт кырсыгын өчүрүүгө жалпысынан 5850 литр көбүктөндүрүүчү суюктук (пенообразователь) сарпталган. Өрт кырсыгы катталган жерде ыкчам штаб түзүлгөн.

2. Тартылган күчтөр: Өрт кырсыгын өчүрүүгө КР ӨКМнен 182 кызматкер, ИИМнен 180 кызматкер, тез жардам кызматынан 15 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер, электр тармактар ишканасынан 3 кызматкер, Улуттук гвардиянын №704 аскер бөлүгүнөн 60 кызматкер, “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасына 3 кызматкер, “Пертнер-нефть” ишканасынан 20 кызматкер, Редпетреолиум ишкансынан 20 кызматкер, “Абий” ЖЧК 6 кызматкер, Аэропорт ишканасынан 3 кызматкер, “Кочкор-Ата Кыргызнефти” ишканасынан 7 кызматкер, КР Улуттук Кызыл Ай коомунан 5 кызматкер жана Жлал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү Кыргыз-Өзбек-Азербайжан биргелешкен ЖЧКнун заводунан 30 кызматкер катышышкан.

3. Өрттүн очогу: Өрт аталган заводдун резервуарлар паркынын түндүк-чыгыш тарабынан чыккан. Заводдун аймагында 4 даана 2000 м3 көлөмүндөгү, 4 даана 1000 м3 көлөмүндөгү жана 15 даана 50 м3 көлөмүндөгү резервуарлар жайгашкан. Өрт учурунда алардын ичинен 1 даана 1000 м3 резервуардагы дизелдик күйүүчү май жана заводго караштуу 1 бирдик 40 тонналык күйүүчү май ташуучу Фура автоунаасы (маркасы белгисиз) күйүп кеткен.

4. Жабыр тарткандар: Өрттү өчүрүү убагында 2 адам денелеринен күйүк алып тез жардам кызматынын автоунаасы аркылуу Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген. Алардын бири “КУА ЖНПЗ” ЖЧКнун кызматкери 1995-ж.т. Б.Ж.у. денесинен 45-50% күйүк алып, реанимация бөлүмүнө жаткырылган, абалы туруктуу жана экинчиси Аксы районунун ӨКБнүн №30 АӨК-КБнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучусу 1984-ж.т. сержант О.Ч. денесинен 3-4% күйүк алып, ага жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгып кеткен.

5. Мунайды кайра иштетүүчү заводундагы өрт коопсуздук мүчүлүштүктөрү:

- Завод аймагында 4 даана өрттүк гидрант орнотулуп, өрт учурунда 2 даана гидранттан гана суу алуу иштери жүргүзүлдү. Бирок, насостор тиешелүү басымды толук көлөмдө камсыз кыла алган жок.

- Нефть иштетүүчү заводто АЦ-30 53А үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаа бар болгону менен оң абалда эмес, тиешелүү деңгээлде камсыздалган эмес жана кароосуз калган абалда болгон, мындан тышкары тиешелүү өрт-техникалык шаймандар (өрт тактасы, автоматикалык өрттү өчүрүү системасы, өрт өчүрүүчү каражат ж.б.) менен камсыз болгон эмес.

- Өрт өчүрүү учурунда заводто көбүртүүчү заттын (пенооброзователь) запасы болгон эмес. Заводто запаста эки эселик көбүртүүчү зат, тактап айтканда 9 тонна көбүртүүчү зат болуусу керек эле. Эрежеге ылайык, резервуарлардын тегерегинде жер тосмолору (обвалование) болуусу зарыл, бул жер тосмолор резервуарлардын ичиндеги күйүүчү-майлоочу каражаттын жакын жайгашкан участокторго жайылып кетүүсүнөн коргойт.

Жогоруда көрсөтүлгөн өрт коопсуздук багытындагы талаптар өз убагында аткарылган болсо, өрттү баштапкы этабында өчүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, өрт кыска мөөнөттө өчүрүлмөк жана көлөмү аз болмок. Өрттү өчүрүүгө 14 саат талап кылынган. Өрттү өчүрүү иштерине тартылган өрт өчүрүүчүлөргө, мунайды кайра иштетүүчү заводго жакын жайгашкан тургундардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

6. Убактылуу эвакуация: Өрт болгон жерге жакын жайгашкан Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром участкасынын Индустриальный көчөсүндөгү жайгашкан 600 үйдөн 2000 кишини коопсуз жайларга көчүрүү иш чарасы областтык, шаардык көчүрүү комиссиялары тарабынан шаардагы Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнүн 60 аскер кызматкери менен биргеликте жүргүзүлдү.

7. Өрттү өчүрүү: Өрттү өчүрүүө 4 өрт өчүрүү участогу аныкталып, ал жакка өздүк курам, техникалар, жетекчилер бөлүнгөн. Өрттүн очогуна көбүк берилип (пенная атака), ал эми жакын жайгашкан резевуарларга көбүк аралашкан суу менен муздатылып (охлаждение путем пеносмочителя), өрттүн таркап кетишине жол бербөө аракеттери көрүлгөн.Өрт кырсыгы кечки саат 17.25 те курчоого алынган, 11-майына өткөн түнү саат 00.17де өрт толугу менен өчүрүлүп бүткөн. Өрттүн келип чыгуу себебин аныктоосу КРнын ӨКМнин өрттү сыноо лабораториясынын эксперттери иш алып барууда. Өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдар азыркы учурда такталууда.

8. Өзгөчө кырдаал режими: Жалал-Абад шаарынын аймагында “Өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү” боюнча КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 10-майында №251-б буйругу чыгып, “ӨК тартиби” 11-май күнү алынган.

Пикир

Оставить комментарий