• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда муниципалдык менчик кирешеси өстү

Аймак 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муниципалдык менчиктен шаар казынасына түшүүчү киреше улам өсүүдө. Шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын билдиргенине караганда, шаардык казынасына быйылкы 10-ай ичинде 14 миллион 616,6 миң сом түшкөн, ал эми бекитилген план 12 миллион 77,3 миң сомго белгиленген. Киреше жагынан план 121 пайызга аткарылган же болбосо 2 миллион 539,3 миң сом ашыкча каражат түшкөн.

Киреше түшүүчү багыттар боюнча алганда, жер тилкелерин ижарага берүү боюнча 9 жолу сынак өткөрүлүп, 95 жер тилкеси ижарага берилген. Жер тилкелерин ижарага берүүдөн 6 миллион 950,4 миң сом каражат. Ал эми белгиленген план 6 миллион 166,6 миң сомго барабар болсо, планды аткаруу 112,7 пайызга аткарылып, шаар казынасына 783,8 миң сомго ашыкча түшкөн.

Ошондой эле муниципалдык объектилерин натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу менен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында сейил бактарда жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий