• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курчап турган тосмолор алынууда

Аймак 0


Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Жалал-Абадда муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курчап турган тосмолор алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан автобекет жана “Стамбул” деп аталган кафенин муниципалдык жерди курчап турган тосмолору (көрктөндүрүү жана жашылдандыруу шарты менен 2017-жылы ижарага берилген) буздурулууда. Аталган жайлардын жол тарабындагы тосмолору алынган соң жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар курулуп, жашылдандыруу иши жүргүзүлөт.

"Ошондой эле автобекеттин жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз тосулуп, бир топ жылдардан бери пайдаланылып келген 2418 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер аянты да алдыда ижарага берилип, каражат шаар казынасына каражат түшө баштайт", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий