• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда мурда бир нече жолу соттолгон жарандын жанынан 10,5 кг гашиш табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мурда бир нече жолу соттолгон жарандын жанынан 10,5 кг гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июнда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттын партиясы менен мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы И.Ж. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды түзгөн таңгакталган 10 даана ооган түспөлүндөгү гашиш баңгизаты табылып алынган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий