• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда мыйзамсыз берилген жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен, баасы 2 010 000 сомду түзгөн Жалал-Абад шаарынын сейил багынан 150 чачы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүү учурунда Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимчилигинин 1994-жылдын 25-апрелиндеги буйругу менен А.А. аттуу жаранга шаардык «Жеңиш» борбордук сейил багынан жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн шаардык мамлекеттик акимчилигинин буйругун жараксыз деп табуу тууралуу прокуратуранын доо арызы сот тарабынан канааттандырылган.

Келтирилген прокурордук актынын негизинде аталган кыймылсыз мүлк Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий