• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда мыйзамсыз күркөлөр алынды

Аймак 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан мыйзамсыз күркөлөргө атайын рейд жүрүп, соодагерлер өз ыктыярлары менен күркөлөрүн үйлөрүнө алып кетишти. Бул тууралу рейддин жүрүшүндө Жалал-Абад шаардык муниципиалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Жусупбеков билдиргенин Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымына караганда, былтыркы жылы шаарда 23 мыйзамсыз курулуш күркөлөрү аныкталып, 13чү алынып салынган.

“Албетте, мындай мыйзамсыз көрүнүштөргө чек кою максатында сатуучуларга эскертүүлөр берилген. Андан майнап чыкпаган соң алып салууга мажбурбуз. Эгерде соодагерлердин документи бар болсо, муниципиалдык жайларда соода кылууга болот”, - дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, бул рейд шаар аймагында дагы да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий