• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда мыйзамсыз миграция уюштурган жарандар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Жалал-Абадда мыйзамсыз миграция уюштурган жарандар аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринин жооптуу кызматкерлери 2020-жылдын 12-март күнү мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташкан.

Аталган факт КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнүн жүрүшүндө КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 108-беренесине (Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) квалификацияланган. Тергөө ишинин жыйынтыгында бул материал соттун кароосуна жиберилген.

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринин жооптуу кызматкерине 2020-жылдын 23-июль күнү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө айыппул салынган.

Пикир

Оставить комментарий