• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда мыкты санарип класс жетекчи тандалды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Мыкты санарип класс жетекчи 2020” аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка шаар аймагындагы мектептердин мугалимдери катышып, №2 Кадыр Закиров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими, 32 жаштагы Наргиза Нишанова биринчи орунга ээ болду.

Сыйлыкты шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий