• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда өнөр жай продукциясы дээрлик эки эсеге өстү

Аймак 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары үстүбүздөгү жылдын тогуз ай аралыгында чыгарылган продукциянын көлөмүн эки эсеге жакын көбөйтүштү. Алынган маалыматтарга караганда, анын физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 178 пайызга өскөн.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, шаардагы өнөр жай ишканалары өткөн жылдын тогуз айында салыштырма баалар менен 2 миллиард 246,7 миллион сомдук продукция өндүрүшкөн. Быйылкы тогуз айдагы анын көлөмү 2 млрд. 565,3 миллион сомго жетти, же өткөн жылга салыштырмалуу 138,6 миллион сомго көп болуп, 105,7 пайызга өсүш катталды.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаровдун билдиришинче, шаарда “Жалалабатэлектро”, “Кыргыз ПетролеумКомпани” сыяктуу ири өнөр жай ишканалары жайгашкан. Учурда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо үчүн тышкы экономикалык байланыштар жаатында иштер алып барылууда.

Пикир

Оставить комментарий