• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда "Нива" унаасы жардан кулап, 2 адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Кечээ, 17-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылынын Бел жайлоосунда "Нива" унаасы жардан кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Министрликтен билдиришкендей, окуя болгон жерде 20 жаштагы К.Б. аттуу жигит каза болгон. 41 жаштагы Р.К. аттуу жаран ооруканага жеткирилген. Ал эми 43 жаштагы А.К. атуу дагы бир жаран дайынсыз жоголгон.

Бүгүн 43 жаштагы адамдын сөөгү табылып, каза болгон адамдын жакындарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий