• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Аймак 0

Бишке, 21.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, жергиликтүү бийлик, мекеме-ишканалардын жамааттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Нооруз майрамындагы салтанат театралдаштырылган көрүнүш, улуттук оюн-зоок, концерттик программа жана көргөзмө-жарманке менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий