• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда облус башчысынын балдарга арналган балаты майрамы өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу өкүлчулүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саамалык облустук Барып атындагы кыргыз дарам театрында уюштурулуп, сахналаштырылган жаңы жылдык жомок, концерттик программа жана ыр-бийлер менен коштолду.

Балаты майрамына 200гө жакын облустун район-шаарларынан келген окуунун алдыңкылары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Облус өкүлү жаш жеткинчектерди келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, Жалал-Абад облусунда келечек муундундардын татыктуу билим алуусуна түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып берди. Балдарды мыкты билим алып, жакшы жүрүм-турум менен, досторуна үлгү болуп, ата-энелери, жалпы өлкө сыймыктанган уул-кыздардан болушун тиледи.

Белгиленгендей, бул жылы Жалал-Абад облусунун башчысынын жаңы жылдык белектери жалпы 500 балага даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий