• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда облустук бириктирилген оорукананын жаңы корпусу курулат

Аймак 0

Ош, 03.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад шаарында жакынкы убактарда Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын жаңы корпусун куруу пландалууда.

Аталган чечим ЖК депутаты Айнура Осмонованын бир нече кайрылуу жана расмий билдирмесинен кийин кабыл алынган.

Курулуш тууралуу чечим күн мурун, 28-февралда КР өкмөт башчысынын жыйынында маалым болгон. Каражат жагы тиешелүү министрлик тарабынан табылган, ал эми курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алуу КР өкмөтүнүн социалдык өнүктүрүү, курулуш жана байланыш бөлүмүнө жүктөлгөн.

Эл өкүлү билдиргендей, учурда оорукана – керектүү стандарттарга жооп бербеген эски имарат болуп калган. “Жаңы корпус 50 орунга ылайыкташтырылып, анын тургузулушуна 80 млн сом кетет”,-деп билдирди Осмонова.

Пикир

Оставить комментарий