• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Жалал-Абадда «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз милициясынын 96 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы ыйгарылды. 20 жылдан ашуун укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн кызматкерлердин өмүрлүк жарларына берилүүчү медалды Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков тапшырды.

Капарбек Исаков милициянын жубайы болуу сыймык экендигин айтып, алып жаткан сыйлыктары менен куттуктады. Ошондой эле алардын жолдошторунун жумушу татаал жана жоопкерчиликтүү экендигин белгиледи. Ал эми Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын начальниги, милициянын подполковниги Авазбек Досов офицерлердин жубайларына бекем ден соолук каалап, өмүрлүк жолдоштору менен түбөлүктүү жана бактылуу жашоо тиледи.

Өз кезегинде медал тагынып, кубанып турган офицерлердин жубайлары ыраазычылыктарын билдиришип, сыйлык тапшыргандардын жана кызматкерлердин жумуштарына ийгиликтерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий