• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда окуучулар арасында “Биз дени сак өлкөдө жашайбыз!” аттуу таймаш өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №2 К.Закиров атындагы орто мектептин 8-классынын окуучуларынын арасында “Биз дени сак өлкөдө жашайбыз!” аталышындагы таймаш өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлдү.

Ага Жалал-Абад облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун дарыгери Айжан Эрматова, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышты.

Таймаштын жыйынтыгында мыкты даярдык менен келген 8 -“А” классынын окуучулары 1-орунду жеңип, белектерге ээ болушту. Ошондой эле окуучуларга аталган илдеттин алдын алуу жолдору түшүндүрүлдү.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 10 айында Жалал-Абад шаары боюнча 405 жаран ВИЧ илдетине чалдыкканы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий