• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда окуучулар арасында кичи футбол өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Жалал-Абадда окуучулар арасында кичи футбол өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кичи футбол мелдеши өткөрүлүп, ага Жалал-Абад шаарындагы 11 мектептин командалары катышып, биринчилик үчүн күч сынашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков, Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Жусупов сөз сүйлөп, жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болууга чакырышты. Спортту сүйүп, мекенге ак дилден кызмат кылууга, татыктуу билим жана тарбия алууга үндөштү.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында 1-орунду №14 мектептин командасы жеңип алды. 2-орунга №4 мектептин окуучулары жетишсе, 3-орунга №1 жана №8 мектептин окуучулары татыктуу болушту.

Байгелүү орундарды камсыз кылган 4 командага уюштуруучулар тарабынан кубок, ар бир оюнчуга медалдар жана дипломдор тапшырылды. Ал эми ИИМдин Баңгизаттарын майзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан спорттук кийимдер ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий