• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда окуучулар арасында өткөн кичи футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында окуучулар арасында өткөн кичи футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш 5-6-класстардын окуучуларынын арасында өттү. Эки күнгө созулган турнирде №1 мектеп биринчи орунга жетишти. Ал эми №14 мектеп экинчи орунду, №4 мектептин окуучулары үчүнчү орунду камсыздады.

Белгилей кетсек, турнир “Славян диаспорасы” тарабынан уюштурулуп, Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылды. 23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнүнө карата өткөрүлгөн спорттук таймаш окуучуларды патриоттуулукка үндөп, мектептер арасындагы алаканы бекемдөөнү көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий