• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абадда окуучулар арасындагы предметтик олимпиада башталды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы мектептердин окуучуларынын арасында бир катар сабактар боюнча олимпиада башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2 тур менен өтө турган олимпиадада окуучулар 10 предметтен таймашат.

Олимпиаданын ачылуу иш-чарасына вице-мэр Руслан Алтымышев катышып, окуучуларга ийгиликтерди каалады.

Учурда олимпиадага жалпы 465 окуучу катышып жатат. Шаардык баскычтан жеңген окуучулар облустук олимпиадага жолдомо алат.

Жеңүүчүлөргө грамоталар жана акчалай сыйлыктар жергиликтүү бийлик тарабынан берилет. Аларга калаа бюджетинен акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий