• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түшкөн. Милиция териштирүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылындагы №5 А.Кабаев орто мектебинин жанында спорт залдын ичинде мектеп окуучулары арасында мушташ чыккан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында болжол менен саат 21.00дө Аксы райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнүн "102" кызматына өспүрүм бала денесинен жараат алып, ооруканага түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.

Алдын ала жүргүзүлгөн териштирүүнүн алкагында маалым болгондой, 6-февралда саат 13.30дар чамасында Авлетим айылындагы №5 А.Кабаев атындагы орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде окуучулар арасында чыр чыккан, анда жабыркаган баланы 9-класска окуган 6 бала сабап койгондугу маалым болгон.

"Балдар "чоң балдарга кошулбай, биз менен чогуу жүр" деп сабашкан. Жабыркаган окуучунун апасы 1981-жылкы О.З., аттуу жаран арыз менен Аксы РИИБне кайрылган", - деп айтылат ИИМдин малыматында.

Аталган окуя боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуя тиешеси барлардын өздүгү такталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

"Жабырлануучунун апасы тергөөнүн жүрүшүндө эч кимге арыз-доосу жок экендигин айтып, тосмо арыз менен кайрылган. Бирок, Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арыз канааттандыруудан баш тартылган", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кошумчалашкандай, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат.

"Белгилей кетүүчү жагдай, социалдык тармактарга тараган видеодогу “Таасирлүү адамдар ортого түшүп, ишти жаап салышкан” деген пикир чындыкка дал келбейт. Милиция бул ишти толук кандуу, объективдүү жана ар тараптуу текшерүүгө алып аягына чыгарат", - деп баса белгилешти ИИМден.

Пикир

Оставить комментарий