• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында окуучулардын предметтик олимпиадасы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-январда Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын шаардык этабына жалпы 527 окуучу катышып, 62 окуучу 1-2-3-орундарга татыган. Алардын ичинен 38 окуучу алдыда облустук олимпиадага катышат.

Белгилей кетсек, аталган олимпиадага Жалал-Абад шаарындагы 18 муниципалдык, 6 жеке менчик мектеп жана лицейлердин окуучулары катышты.

Пикир

Оставить комментарий