• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда он айда өнөр жай 107,8 пайызга өстү

Аймак 0

Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын өнөр жай тармагында продукция өндүрүү көлөмү быйылкы он ай ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 107,8 пайызга өскөн. Башкача айтканда, 173,7 миллион сомдук продукция көп өндүрүлгөн. Бул тууралуу шаар мэриясынын аймактык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы он айда шаардын өнөр жай ишканалары 2 миллиард 226,8 миллион сомдук продукция өндүрүшсө, быйылкы жылы он айда өндүрүлгөн продукциянын көлөмү салыштырма бааларда 2 миллиард 400,5 миллион сомго жеткен.

"Биздеги өнөр жай ишканалары продукция өндүрүү жагынан жакшы аракеттерди жасашууда. Бирок, алдыда даяр продукцияны сатып өткөрүү рыногун кеңейтүү, инновациялык нукта аракет кылуу жагынан бир катар аткарыла турган иштер бар", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий